Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:19

Таза сууга зыяндуу зат кошулганы тууралуу кабар чындыкка дал келбейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Бишкек суу канал" жана "Ош суу канал" ишканалары таза сууга зыяндуу зат кошулуп кеткени тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан кабарлар чындыкка дал келбей турганын эскертишти.

Соңку күндөрү "WhatsApp" аркылуу суу дезинфекцияланып, ага зыяндуу зат кошулуп кеткени тууралуу маалыматтар тарай баштаган. Анда "9-10-апрелде сууга суюлтулган хлор кошулаары, бул аралыкта суу ичүүгө мүмкүн эместиги" айтылган.

Аталган эки ишкана билдирүү жасап, сууга саат сайын тийиштүү нормада хлор кошулуп тураарын, ден соолукка зыян эмес экенин кабарлашты. (SE)

XS
SM
MD
LG