Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:04

Активист Темирлан Ормуков камакка алынды


Ормуковду камакка алуу учуру. Сүрөт анын түз эфирдеги видеосунан алынды.
Ормуковду камакка алуу учуру. Сүрөт анын түз эфирдеги видеосунан алынды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери көзү азиз активист Темирлан Ормуков ооруканада жаткан жеринен колуна кишен салып, атайын автоунаа менен алып кетишти. Өзүн камакка алуу учурун Ормуков “Фейсбук” баракчасынан түз эфирде көрсөтүп турду.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы да активист соттун чечиминин негизинде камакка алынганын ырастап, ал №1 тергөө абагына жеткирилгенин кабарлады.

Активист Темирлан Ормуков 29-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакырылып, камакка алынганы жатканда ичин устара менен тилип жиберген. Ал мындай кадамга өзүн куугунтуктоого каршылык иретинде барганын билдирген. Кийин “Кыргыз темир жолу” ишканасынын атайын ооруканасынын кардиология бөлүмүнө жеткирилип, дарыланып жаткан. Дарыгерлер анын ичиндеги тилиги коркунучтуу эмес экенин, активист жүрөгү боюнча дарыланып жатканын билдиришкен.

2016-жылы Башкы прокуратура Темирлан Ормуковдун президентти сындап, Интернетке жазган ырында “аймак аралык кастыкты козутуунун” белгилери аныкталганын жарыялаган. Бул боюнча арызды прокуратурага депутат Дастан Бекешев жазган.

Кийин Ормуков кайра Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевди бир катар мыйзамсыз иштер боюнча айыптап, милицияга арыз жазган. Анын арызындагы маалыматтар ырасталбай калып, быйыл февраль айында Ормуковго “Жалаа жабуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кийин Октябрь райондук соту Ормуковду "соттук отурумдарга келбей жатат" деген жүйө менен бир айга №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Буга улай анын батири да камакка алынган.

Ормуков бул кылмыш иштерин саясий куугунтук деп баалап келет. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов мындай дооматты четке каккан. (ErN)

Темирлан Ормуковду камакка алуу учуру.

XS
SM
MD
LG