Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Фарид Ниязов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 31-марттагы айткандарына жана президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын билдирүүсүнө комментарий берди. Бул тууралуу КСДП партиясынын басма сөз кызматы билдирди. Анда Фарид Ниязов Атамбаевдин КСДПнын курултайынан кийинки басма сөз жыйынында президент менен пикир келишпестик тууралуу суроого берген жообун "кошоматчыларга жана үй-бүлөлүк башкарууну эңсегендерге алдырбоо тууралуу досуна жана мамлекет башчысына кеңеш” деп сыпаттаган.
"Биринчиден, азыркы премьерге жапырт чабуул коюу айтылуу "Райым миллиондун" бажыдан кетишине нааразы болгондор тарабынан уюштурулган деген божомол айтылган. Экинчиден, экс-президент 2016-2017-жылдардагы жана 2017-2018-жылдардагы кышкы мезгилге ЖЭБдин жабдуусун ремонттоо үчүн келишим Жээнбеков өкмөттү жетектегенде эле түзүлгөнүн эске салды. Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Кытайдын насыясынын алкагында ЖЭБди реконструкциялоо менен ишкананы жыл сайын оңдоону алмаштырбашы керек. Бул жерде жыл сайын 280 миллион сомго чейин бөлүнгөн ремонт тууралуу сөз болуп жатат.", - деп жазылган КСДПнын Фарид Ниязовго шилтеме берип тараткан маалыматында.
Андан мурда президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Атамбаевдин 31-мартта маалымат жыйынындагы билдирүүсүнө расмий жооп кайтарылбай турганын маалымдаган.
"Президент Сооронбай Жээнбеков үчүн Атамбаевдин билдирүүсү күтүүсүз болгон жок, анткени бул сөздөрдү алар курултайдан эки күн мурда сүйлөшүп, бирок ар бири өз позициясында калышкан. Жыйынтыгында экс-президент Атамбаев президент Жээнбековго карата өзүнүн таарынычын ачык жарыялады" деп айткан Толгонай Стамалиева.
"Белгилеп коюучу нерсе - Бишкек ЖЭБин модернизациялоого азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун эч кандай тиешеси жок. Модернизациялоо боюнча келишимге 2013-жылы кол коюлган, ал убакта Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болгон. Ал эми модернизацияланган Бишкек ЖЭБи 2017-жылы 30-августта ишке берилген. Ал кезде Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого катышуу үчүн өкмөт башчылык ишин 21-августта өткөрүп берген. 2017-2018-жылдын кыш мезгилине даярдык маселесинде Сооронбай Жээнбековдун катышы жок" деп кабарлаган президенттин басма сөз катчысы.
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 31-мартта өзү төрага болуп шайланган КСДПнын он жетинчи курултайынан кийин Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп жатып, президент Сооронбай Жээнбековго Коопсуздук кеңеши "адаштырган маалыматтарды берип жатканын", Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырууга тийиш экенин жарыялаган. Атамбаев Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкка да Сооронбай Жээнбеков башкарган өкмөттүн тиешеси бар экенин, ЖЭБди жаңылоого тендер ал өкмөттү башкарып турган 2016-жылы жүргүзүлгөнүн белгилеген. (NT)