Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:56

Түркмөнстан 29 миң Visa картасына чектөө киргизди


Түркмөнстандын Жогорку экономикалык банкы февралдын ортосунда 30 миңдей Visa картанын 29 миңин чектегени белгилүү болду.

"Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары” кабарлагандай, карталарга бөгөт коюлгандыктан, чет өлкөдө жүргөн түркмөнстандыктар акчасын албай калган.

Басылма өз булактарына таянып билдиргендей, Visa карталарын президент Гурбангулы Бердымухамедовдун үй-бүлөсүнө жакын кишилер жана тандалма бизнесмендер гана колдоно алат.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы Түркмөнстандын Мамлекеттик банкынан бул боюнча комментарий ала алган жок.

"Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары” Visa карта боюнча түшүндүрмө талап кылган жүздөгөн киши Мамлекеттик банктын имаратында сааттап кезекке туруп жатканын билдирди. Бул кырдаалды айрым кишилер өз кызыкчылыгына пайдаланууда. Vestniktm.com сайтынын жарыялар бөлүмүндө банкка кезекке туруп берүү наркы 40 манатка (11 доллардын тегереги) бааланууда.

XS
SM
MD
LG