Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:42

"Ядрово" таштанды талаасынан кайра зыяндуу газ абага тарады


"Ядрово" таштанды талаасы.
"Ядрово" таштанды талаасы.

Москванын четиндеги “Ядрово” таштанды талаасында кайрадан кооптуу газ абага тарап кетти. Күкүрттүү суутектин деңгээли ченемден 12 эсе ашканын Волоколамск районунун убактылуу жетекчиси Андрей Вихарев билдирди. Анын айтымында, акыр-чикирди кайра иштетүү системасы киргизилмейинче газ абага бөлүнүп чыга берет. Ал система болсо 15-июндан тартып ишке кирери пландалууда.

Волоколамсктагы таштанды полигонуна жакын жердеги райондо өзгөчө кырдаал жарыяланган. Буга чейин Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев аны жабууга убада берген.

Өткөн жумада Волоколамсктын ондогон мектеп окуулары абалы начарлап дарыгерлерге кайрылышкан. Жергиликтүү тургундар муну таштандылардан чыккан сасык газ менен байланыштырышууда. Алар талааны жабууну талап кылып митинг уюштуруп, жолдорду тороп жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG