Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Ким Чен Ындын Кытайга жашыруун келгени маалым болду


Си Цзиньпин жана Ким Чен Ын.
Си Цзиньпин жана Ким Чен Ын.

Түндүк Кореянын лидери Бээжинге келип, Кытай компартиясынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолукканын Кытай менен Түндүк Кореянын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Ал дүйшөмбү күнү Си Цзиньпиндин чакыруусу менен келгени Ким Чен Ын Пхеньянга кайтып кеткенден кийин жарыяланды.

"Синьхуа" агенттиги Ким Чен Ын Кытай лидерине АКШ президенти Доналд Трамп менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдиргенин жазды. Маалыматта Кытайдын төрагасы Корей жарым аралында "абалды оңдоо" аракети үчүн Түндүк Кореяны кубаттай тургандыгы жазылган.

Америкалык медиа каражаттары "Ким Чен Ын АКШ-Түндүк Корея саммитине бир нече жума калганда Бээжиндин колдоосуна ээ болууну көздөдү" деп жазышты.

Ак үйдөн алынган маалыматка караганда, Кытайдын жетекчилиги шейшембиде Вашингтонго Түндүк Корея лидеринин сапары тууралуу маалымдаган. Анда президент Трампка Си Цзиньпиндин жеке кайрылуусу берилген.

Түндүк Кореянын лидеринин зооттолгон поезди Бээжинге келгени дүйшөмбү күнү маалымдалган.

XS
SM
MD
LG