Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

ИИМ тергөөнү эл аралык стандартта жүргүзүүнү үйрөнөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын ички иштер кызматкерлерин тергөөнү эл аралык стандартта жүргүзүүгө "Penal Reform International" ("Эл аралык түрмө реформасы") уюмунун эксперттери окутат. Иш-чара Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин көмөгү менен жүрүп жатат.

Кыргызстандык милиция кызматкерлерин Түндүк Ирландиянын мурдагы түрмө жана полиция омбудсмени, адам укуктары жана кылмыш адилеттүүлүгү боюнча эл аралык эксперт Паулин МакКейб жана башка адистер окутмакчы.

Иш-чара "Эл аралык түрмө реформасы" уюмунун "Кыргызстанда кыйноого жана башка адамгерчиликсиз жазага каршы күрөштү колдоо" аттуу долбоорунун алкагында өтүп жатат.

Кыргызстандагы Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалыматына караганда, кыйноонун 85 пайызы Ички иштер министрлигине тиешелүү, анда кыйноо кылмыштын бетин ачыш үчүн колдонулат. Арасында кыйноо балдарга жана аялдарга каршы колдонулган учурлар да бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG