Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

"Bloomberg": Ким Чен Ын Кытайга барды


Ким Чен Ын Пхеньяндагы партиялык жыйында. 23-декабрь, 2017-жыл.
Ким Чен Ын Пхеньяндагы партиялык жыйында. 23-декабрь, 2017-жыл.

Түндүк Кореянын лидери Кытайга барганын жеке булактарына таянып, "Bloomberg" агенттиги жазып чыкты. Азырынча бул маалымат расмий ырасталган жок.

Ким Чен Ындын Кытайга барганы тууралуу мурдараак жапон жана кытай басылмалары маалымдашкан. Алардын маалыматына караганда, Түндүк Кореянын лидери Кытайга поезд менен келди. Бул Ким Чен Ындын 2011-жылы бийлик башына келгенден берки чет өлкөгө биринчи жолу барышы экени белгиленип жатат. Ал Кытайда канча күн болору, кимдер менен жолугары белгисиз.

Мурдараак Ким Чен Ын менен жолугуп, сүйлөшүүлөргө даяр экенин АКШнын президенти Доналд Трамп да билдирген. Эки өлкө лидерлеринин жолугушуусу жакынкы эки ай ичинде болору кабарланган.

XS
SM
MD
LG