Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Кытайлыктарга турмушка чыккан алты келин күйөөсүнүн үстүнөн даттанды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай жарандарына турмушка чыккан алты келин күйөөсүнөн кордук көргөнүн айтып, 2017-жылы Ош шаарындагы “Ак жүрөк” кризистик борборуна кайрылды.

Бул тууралуу аталган кризистик борбордун жетекчиси Дарика Асылбекова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, Кытайдан келген айрым эркектер кыргыз жарандыгын алуу максатында гана жергиликтүү кыз-келиндерге үйлөнгөн учурлар кезигип жатат:

- Кыргызстанда никенин негизинде чет өлкөлүктөргө кыргыз жарандыгын берүү шартын татаалдатуу керек. Кытайдан келген айрым эркектер кыргызстандык кыз-келиндерди сүйбөй эле, жарандык алуу максатында үйлөнүп жаткан фактылар бар.

Буга чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгы Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алган төрт кытай жаранына кылмыш ишин козгогон. Маалыматка караганда, кытайлыктар Ош облусунун тургундарынын ысымына жазылган паспорт алган. Алардын бири өлгөн адамдын атындагы документти колдонуп жүргөнү белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG