Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

WADA: Орусия допингди иликтөөдө жылыш жасаган жок


WADAнын президенти Крейг Риди Лозаннадагы жыйында. 21-март, 2018-жыл.
WADAнын президенти Крейг Риди Лозаннадагы жыйында. 21-март, 2018-жыл.

Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин (WADA) башчысы мындай билдирүүнү 21-мартта жасады.

Агенттиктин президенти Крейг Риди Швейцариянын Лозанна шаарындагы бүгүнкү конференцияда “биздин Орусия тарапка жолдогон төрт катыбызга жооп берилген жок, сунуштарыбыз кулак сыртынан кетти” деп белгиледи.

Анын айткандарын Москва азырынча комментарийлей элек.

Допингге каршы дүйнөлүк агенттик Орусиянын улуттук мекемеси - РУСАДАнын иш эрежеси эл аралык стандарттарга шайкеш келтирилүүсү керек деп эсептөөдө.

Бул үчүн WADA агенттигинин өкүлдөрүнө Москвадагы лабораторияга кирүүгө жана анын кампасында катылып турган анализдердин үлгүлөрүн алууга мүмкүнчүлүк берилиши керек.

Дүйнөлүк агенттик орусиялык агенттиктин алардагы аккредитациясын 2015-жылы токтотуп койгон.

Допинг жаңжалдарынан улам Орусия Түштүк Кореядагы быйылкы Кышкы олимпиададан мамлекет катары четтетилип, 100дөн ашуун спортчусу гана бейтарап желек алдында катышты.(UE)

"Азаттыктын" дүйнө жаңылыктарынын видеосу

Израил Сирияны бомбалаганын мойнуна алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:35 0:00

XS
SM
MD
LG