Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Түркияда кыргызстандык кыздын өлүмүнө шектүү адам кармалды


Иллюстрация
Иллюстрация

Түркиянын Денизли аймагында Памуккале районунда киши колдуу болгон кыргызстандык Ы.Жнын өлүмүнө шектүү жаран кармалды.

Жергиликтүү Dogan кабар агенттиги шектүү катары 30 жаштагы Б.Ү. аттуу түркиялык жаран кармалганын жазды. Маалыматка караганда, Б.Ү. Памуккале шаарында кичи касапканада иштейт.

Ал окуя болгон күнү маркум Ы.Ж үйүнө жеткирүүнү сунуштаган. Кафедеги жумушунан үйүнө бараткан кыз ага макул болгон эмес. Ушундан кийин Б.Ү кызды күч менен автоунаасына салып, ээн талаага алып барган. Андан соң кызды зордуктап, машине менен тебелеткен.

Сурак учурунда шектүү окуянын кандай болгонун эстей албасын айтып, маркумду өлтүргөнүн мойнуна алган. Бирок унаа менен атайын тебелеп өтпөгөнүн билдирген. Кылмыш иши сотко өткөрүлүп, Б.Ү камакка алынды.

19-март күнү Түркиянын Денизли аймагында Памуккале районунда талаада иштеген дыйкандар жол жээгинен чет өлкөлүк кыздын зөөкүрлүк менен өлтүрүлгөнүн көрүшүп, полицияга кабар беришкен. Окуя болгон жерге полиция келгенде маркумдун жанынан 26 жаштагы кыргызстандык Ы.Жнын телефону жана паспорту табылган.

Расмий маалыматтар боюнча, Түркияда 19 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашайт.

Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун маалыматына караганда, жыл сайын орто эсеп менен 15тей "Жүк-200" мекенине жөнөтүлөт. (ElB/КЕ)

XS
SM
MD
LG