Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:20

Британ полициясы орус жарандарынын коопсуздугуна тынчсызданды


Британ полициясы бул өлкөдө жашаган Орусиянын айрым жарандарынын коопсуздугу үчүн тынчсыздануусун билдирди. Мындай билдирүү бул өлкөдө жашаган мурдагы тыңчы Сергей Скрипал жана кызы ууландырылгандан кийин, ошондой эле орусиялык олигарх Борис Березовскийдин бизнес-өнөктөшү Николай Глушковдун өлүмүнөн соң таратылды.

Би-Би-Синин кабарлашынча, полиция Британияда баш паанек алган айрым орусиялыктар менен байланышка чыгып, коопсуздугу боюнча маселени талкуулаган. Кимдер менен мындай аңгемелешүү болгону ачык кабарланган жок.

Борис Березовскийдин мурдагы күйөө баласы Егор Шуппе Глушковдун өлүмүнөн соң полиция менен кабарлашканын ырастады.

Учурда Британ баш калаасында ЮКОСтун мурдагы жетекчиси, саясатчы Михаил Ходорковский, Кремлдин саясатын ачык сындап келген ишкер Евгений Чичваркин сыяктуу бир нече адам жашайт.

Орус чалгындоо кызматынын мурдагы полковниги, учурда британ жараны Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында ууландыруунун белгилери менен ооруканага жеткирилип, дагы эле оор абалда жатышат.

Британ бийлиги бул окуяга Москванын тиешеси бар деп күнөөлөп, өлкөдөн орус дипломаттарын чыгарууну чечкен. Буга жооп катары орус бийлиги Британ дипломаттарын чыгарарын жарыялады.

XS
SM
MD
LG