Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:53

Казак банкирин өлтүрдү деп айыпталган бизнесмен 10,5 жылга кесилди


Токмадини кармоо учурунда тартылган видеотасмадан алынган сүрөт.
Токмадини кармоо учурунда тартылган видеотасмадан алынган сүрөт.

“ТуранАлем" банкынын мурдагы төрагасы Ержан Татишевди буюртма жолу менен өлтүргөн" деп айыпталган бизнесмен Муратхан Токмади он жарым жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмүн Жамбыл регионалдык соту 16-мартта жарыялады.

Токмади буга чейин өнөктөшүнүн акчасын тартып алуу, мыйзамсыз курал сактоо боюнча күнөөлүү деп табылып, былтыр июнь айынан бери абак жазасын өтөп жаткан.

Токмади соттук териштирүү маалында чет өлкөдө жашаган оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовдун буюртмасы менен Татишевди атайын өлтүргөнүн моюнуна алган.

Казакстандык ири бизнесмен жана банкир, мурдагы энергетика министри Мухтар Аблязов 2009-жылдан бери өз эрки менен Европада бозгунда жүрөт. Ал Казакстанда өзүнө коюлган бул сыяктуу айыптарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG