Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:24

Психикалык саламаттык боюнча мамлекеттик программа кабыл алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2018-2030-жылга карата Кыргызстан калкынын психикалык саламаттыгын жакшыртуу багытында мамлекеттик программага кол коюлду. Ага ылайык мындан ары элдин акыл саламаттыгын жеке эле Саламаттык сактоо министрлиги көзөмөлдөбөй, билим берүү, социалдык коргоо, укук коргоо тармактары да тартылат.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү билдирди. Айрыкча мектеп жашынан балдардын психикалык саламаттыгына көңүл бурулуп, ар бир мектеп зомбулук, акыл оорулары, балдардын жалпы менталдык өнүгүүсүн көзөмөлгө алууга милдеттендирилет.

Аталган жаңы программаны өкмөт бекитип, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сыяктуу бир катар эл аралык донорлордун жардамы менен ишке ашат. Ага жалпысы 243 миллион сом сарпталары эсептелген. (BCh)

XS
SM
MD
LG