Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:08

Ошто төрөлгөн үч эмдин экөө чарчап калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

8-март күнү Оштогу облус аралык төрөт үйүндө туулган үч эмдин экөө 3-4 сутка жашагандан кийин чарчап калышкан. Оштогу облус аралык клиникалык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Козубаеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, ымыркайлар энесинин курсагында 29 жума болгон кезде, ай-күнүнө жетпей төрөлүшкөн. Алар туулганда эле абалы оор деп бааланган, айы-күнүнө жетпегендиктен, дем алуу органдары жетиштүү өөрчүй элек болчу.

Балдар төрөлөрү менен жасалма дем алдырууга кошулган. Ошентсе да ымыркайлардын экөө: эркек бала 4 сутка 4 саат жашап, 12-мартка оогон түнү чарчап калган, кыз 3 сутка 2 сааттык жашоосунан кийин 11-мартта түн ичинде каза болгон. Үчүнчү наристе - эркек бала азыр төрөт үйүнүн жандандыруу бөлүмүндө, абалы өтө оор деп бааланууда. Дарыгердин айтымында, ымыркайлардын энеси кош бойлуу кезинде аз кандуулук менен жабыркаган. (MdN)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG