Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:23

Кубада тарыхый парламенттик шайлоо өттү


Гаванадагы Владимир Лениндин эстелиги, 14.01. 2017
Гаванадагы Владимир Лениндин эстелиги, 14.01. 2017

Улуттук ассамблеяга өткөн депутаттар апрель айында өлкөнүн жаңы лидерин тандашат. Расмий маалыматтарга ылайык, жекшембиде өткөн добуш берүүгө сегиз миллион калктын добуш берүүгө укуктуу жарандарынын 68% катышты. Жарандар жаңы парламенттин курамын эле эмес, жергиликтүү ассамблеянын делегаттарын да шайлашты.

86 жаштагы Рауль Кастронун ордун 57 жаштагы Мигель Диас Канель басат деп боолгонууда. Ал Кастролордун үй-бүлөсүнөн чыкпаган, өткөн кылымдын 50-жылдарындагы революциядан кийин төрөлгөн алгачкы лидер болмокчу.

Анткен менен Батыш мамлекеттери бул шайлоону эркиндик жана демократиянын шарттарына ылайык өттү деп эсептешпейт. Талапкерлердин көбү Кубадагы жалгыз мыйзамдуу күч деп эсептелген Коммунисттик партиянын өкүлдөрү. Режимге каршы чыккан кыймылдардын бири да бюлеттенге киргизилген жок.

XS
SM
MD
LG