Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:05

Пол Манафорт өзүнө коюлган айыптарды четке какты


АКШнын президенти Доналд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы жетекчиси Пол Манафорт. Вашингтон. 28-февраль, 2018-жыл.
АКШнын президенти Доналд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы жетекчиси Пол Манафорт. Вашингтон. 28-февраль, 2018-жыл.

АКШнын президенти Доналд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы жетекчиси Пол Манафорт 8-мартта өткөн сот жыйынында атайын прокурор Роберт Мюллердин ага таккан айыптарынын баарын четке какты.

Атайын прокурордун кеңсеси билдиргендей, Манафортко федералдык чоң жюри "АКШга каршы кутум кылган, жалган билдирүү жасаган, акчаны адалдоо максатында кутумга барган, чет өлкөлүк банк эсептери боюнча маалымат берген эмес" деген айып койгон.

Манафорт анын шайлоого чейинки ишмердигине байланыштуу айып тагуу туура эмес деген жүйө менен прокурордун мындай аракеттерин мыйзамсыз деп атады.

Андай иштердин бири Манафорттун Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин кеңешчиси болуп иштеп турган кезге туш келет.

Атайын прокурор Роберт Мюллер 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого Орусиянын болжолдуу кийлигишүүсүн жана президент Доналд Трамптын ошол кездеги шайлоо штабынын Орусия менен болжолдуу байланыштарын иликтеп жатат.

Президент Доналд Трамп өзү анын шайлоо штабынын Орусия менен болжолдуу байланыштарын такай четке кагып жүрөт.

"АКШдагы шайлоо жараянына кийлигишти" деген дооматтарды Кремл да төгүндөп келатат.

XS
SM
MD
LG