Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

Жээнбеков: Сөз эркиндиги - өнүгүүнүн мотору


Жээнбеков ЖМК жетекчилери менен жолугушууда айымдарды алдыдагы майрам менен куттуктады. Бишкек, 6-март, 2018-жыл.
Жээнбеков ЖМК жетекчилери менен жолугушууда айымдарды алдыдагы майрам менен куттуктады. Бишкек, 6-март, 2018-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков сөз эркиндиги өнүгүүнүн мотору экенин билдирди. Ал 6-мартта Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушууда сөз эркиндигин колдой турганын, бирок ар бир жарандын тагдырына жоопкерчилик менен мамиле жасалышы керектигин, өзү басма сөз жана коомчулук менен кызматташууга даярдыгын, ар дайым ачыктыгын айтты:

- Биз маалымат каражаттарында чыккан ар бир кабарга жооп беребиз. ЖМК - бийлик менен элдин ортосундагы көпүрө. Саясий маданиятты калыптандырууда журналисттердин таасири чоң. Биз өлкөнүн өнүгүшүнө чогуу салым кошобуз, - деген президент журналист Кабай Карабековго байланышкан доо боюнча суроого да жооп берди.

- Мен Кабай Карабековду жакшы билем. Ал журналист эле эмес, саясатчы дагы. Мындай ката кетирбеши керек эле. Мени ал бир нече жолу "экстремист" деп атады. Сотто экстремист эмес экенимди далилдедим. Журналистиканын эталону алдабашы керк, - деди Жээнбеков.

Быйыл 22-февралда Жогорку сот Жээнбековдун Карабековго карата доосун териштирип, Свердлов райондук соту менен Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган. Эми Карабеков Жээнбековго 5 миллион сом төлөп бериши керек.

2017-жылдын 11-сентябрында 24.kg сайтында Кабай Карабековдун "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген макаласы чыккан. Анда “президенттердин жабык жолугушуусунда Москва кыргыз тарапка эки өлкөнүн атайын кызматтарынын бир тууган Жээнбековдордун радикал араб уюмдары, анын ичинде Орусияда террордук деп табылган "Социалдык реформалар коому" менен тыгыз байланышы тууралуу маалыматына тынчсызданарын кыйытты" деп жазылган.

Ошол кезде президенттикке талапкер болуп турган Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы макаланы "ушак жана жалган жалаа" деп сотко кайрылган. Моралдык зыян катары макаланын автору Кабай Карабеков менен 24.kg агенттигинин ар биринен беш миллион сомдон өндүрүүнү өтүнгөн. Свердлов райондук соту алардын доосун канааттандырган. Карабеков буга макул болбой, жогорку инстанцияга кайрылып, Бишкек шаардык соту да райондук соттун чечимин өзгөрткөн эмес.

Быйыл 5-февралда президент 24.kg маалымат агенттигине каршы 5 миллион сомдук айыппул өндүрүү тууралуу доосунан баш тарткан. (NT)

XS
SM
MD
LG