Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

Кыргызстандагы коомдук дааратканалар текшерилет


Оштун Кара-Суу базарындагы даараткана. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
Оштун Кара-Суу базарындагы даараткана. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандагы коомдук дааратканалардын баарын текшерип чыгууну санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматкерлерине тапшырды.

Мекеменин буйругунда коомдук дааратканалардын сүрөттөрү Интернетке улам тарап жаткандыктан ушундай чечим кабыл алынганы жазылган.

Ал эми Ош облустук санэпидстанциясынын учурда ооруканада жаткан жетекчиси Светлана Шерматова өзүнө караштуу аймактагы коомдук дааратканаларды бир жыл ичинде тазалоого убада берди.

26-февралда Ош шаардык санэпидстанциясынын коомдук дааратканасынын сүрөттөрү Интернетте тарап, коомчулуктун катуу сынына кабылган. (YI)

XS
SM
MD
LG