Жогорку Кеңештин “Республика - Ата - Журт” фракциясынын депутаты Фархат Иминовдун депутаттык мандатын тапшыруу тууралуу арызы Борбордук шайлоо комиссиясына келип түштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын басма сөз кызматынын өкүлү Анарбек Абазбеков билдирди. Ал арыз фракциянын атынан келгенин, аны БШК мүчөлөрү жакынкы жыйында карай турганын кошумчалады.
Депутат Фархат Иминов өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшырып жатканын бүгүн тараткан билдирүүсүндө жарыялаган. Депутат өз кайрылуусунда мандатты тапшыруу анын жеке чечими болгонун, бул кадамды саясатка байлоонун зарылчылыгы жок экендигин айтып, шайлоочуларга ыраазычылыгын билдирген. (SDz)