Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:13

Тажикстан Кытайдын жардамы менен жаңы алюминий заводун курат


Тажикстандагы алюминий компаниясы. 3-июль, 2008-жыл.
Тажикстандагы алюминий компаниясы. 3-июль, 2008-жыл.

Тажикстанда тажик-кытай биргелешкен алюминий ишканасы салынат. Бул тууралуу ТАЛКО компаниясынын маалымат-аналитикалык департаментинин жетекчиси Игорь Саттаров билдирди. Курулуш иштерине байланыштуу алюминий заводу эки жылга ишин токтотот.

Саттаровдун айтымында, жаңы завод салуу боюнча Тажикстан менен Кытайдын ортосундагы сүйлөшүүлөр аягына чыгып калды.

Маалыматтарга караганда, жаңы алюминий заводунун кубаттуулугу жылына 503 миң тоннаны түзөт. Анын түзүмүнө куйма жана анод өндүрүшү да кирет.

Курулуштун наркы 1,6 миллиард долларга бааланууда. Ал болжол менен бир жыл сегиз ай ичинде курулуп бүтөт. “Тараптар канча акча жумшаарын айта албайм. Бул – коммерциялык сыр”, - деди Игорь Саттаров. Анын айтымында, жаңы завод иштей баштаса, 1,1 миң киши иш менен камсыз болот.

Мамлекеттик “Тажик алюминий компаниясы” (TALCO) тажик алюминий заводунун ишин улантуучу ишкана катары 2007-жылы каттоодон өткөн. Завод Тажикстандагы негизги экспорттук өндүрүүчү болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG