Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:21

Күрөш: Аматов менен Шаршенбеков Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынды


Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси Урмат Аматов. 27-февраль, 2017-ж. Бишкек.
Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси Урмат Аматов. 27-февраль, 2017-ж. Бишкек.

Бишкекте өтүп жаткан күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков жана Урмат Аматов грек-рим күрөшү боюнча финалдык таймаштарда атаандаштарына жеңилип, күмүш байге алышты. Бүгүн, 27-февралда мелдештин алгачкы күнүндө күрөштүн бул түрүнөн беш топтом медал ойнотулуп жатат.

Жоламан Шаршенбеков 55 килограммга чейинки салмакта үч беттеш өткөрдү. Алгач казакстандык Корлан Жаканшаны 14:2 эсебинде жеңсе, жарым финалда кытайлык Лигуо Каону 8:0 эсебинде таза жеңип финалдык таймашка чыкты. Алтын байге үчүн жапониялык Шота Танокура менен таймашып 4:5 эсебинде жеңилип, 2-орунду алды.

Ал эми Урмат Аматов 63 килограммга чейинки салмакта күчүн сынады. Аматов алгач чейрек финалда түштүк кореялык Докйунг Жунгду 1:1 эсебинде жеңип, жарым финалда жапониялык Такойуки Иногичини 8:7 эсебинде утуп чыккан. Финалда ал 2016-жылы Бразилияда өткөн жайкы Олимп оюндарынын коло байгесинин ээси, өзбекстандык Элмурат Тасмурадов менен беттешти. Бул таймашта өзбекстандык балбан 8:0 эсебинде жеңишке жетип, 4-жолу Азия чемпиону аталды.

Жоламан Шаршенбеков өспүрүмдөр (кадеттер) арасында Азия жана дүйнө чемпионаттарында коло байге алган (2016-ж.). Жаштар арасында Азия жана дүйнө чемпионаттарында күмүш медал тагынган (2017-ж).

Урмат Аматов - 2010-жылы өткөн жаштар арасындагы жайкы Олимп оюндарынын чемпиону.

Бүгүн килемге чыккан кыргызстандык балбандардан Эсен Асанов (-77 кг) байгесиз калды. Алдыда Азат Бейшебеков (-87 кг) жана Мурат Рамонов (-130 кг) коло байге үчүн күрөшөт. Аталган балбандар чейрек финалдык таймашта атаандаштарына жеңилип, жооткотуучу таймаштарда жеңишке жеткен эле.

Күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты Бишкекте 4-мартка чейин уланат. Эртең кыргызстандыктар Каныбек Жолчубеков (60 кг), Роман Царев (67 кг), Акжол Махмудов (72 кг), Атабек Азизбеков (82 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг) килемге чыгат. (SDz)

XS
SM
MD
LG