Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:26

Укук коргоочулар: Чыгыш Гутада ок атышпоо режими бузулуп жатат


Cириянын өкмөттүк күчтөрү Чыгыш Гутага чектеш жердеги өткөрмө бекетте. 27-февраль, 2018-жыл.
Cириянын өкмөттүк күчтөрү Чыгыш Гутага чектеш жердеги өткөрмө бекетте. 27-февраль, 2018-жыл.

Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктарына көз салган обсерватория Сирияда ок атышпоо режими күчүнө киргенине карабастан, эки шаарда абадан сокку урулганын билдирди. Сириянын армиясы мындай маалыматы жокко чыгарды.

Укук коргоочу уюмдун билдирүүсү боюнча Шифуний шаарына тик учактар эки бомба таштаса, Афтарис шаарына орусиялык аскердик учак абадан сокку урду.

Орусиялык аскерлер "шейшембиде Чыгыш Гутада уруш болгон жерден карапайым эл чыгып жаткан маалда козголоңчулар миномет менен аткылады" деп айыптады. Орусиянын "РИА Новости" маалымат агенттиги “гуманитардык коридор” аркылуу карапайым тургундар өтө албай калганын кабарлады.

Согуш жүрүп жаткан Чыгыш Гута аймагында эртең мененки 9дан саат 14кө чейин “гуманитардык коридор” жарыяланган. Күнүгө бул маалда согуш жүрүп жаткан жерде калган 393 миңдей карапайым адамдарга аймактан чыгып кетүүгө жол берилет.

XS
SM
MD
LG