Меценат, коомдук ишмер Ташкул Керексизов 7-майда 73 жашында каза болду.
Аны жакындан билгендер Керексизов коронавирус жугузуп алып, акыркы күндөрү Бишкектеги Жугуштуу оорулар бейтапканасында дарыланганын кабарлашты. Маркумдун өпкөсү кагынганы айтылууда.
Ташкул Керексизов менен "Азаттыктын"мурдагы баяндамачысы Амирбек Аззам уулу 2018-жылы маек уюштурган. Бүгүн аны дагы бир ирет окурмандын эсине салууну чечтик.
Ташкул Керексизов - кыялды чындыкка айланткан адамдардан. Ал Ысык-Көлдө кайталангыс эки маданий очокту: “Рух Ордону” жана “Аалам ордону” салдырган. Эмки планы - АКШнын Манасташ тоосунда Чыңгыз Айтматов айылын же театрын куруу.
Мен Ташкул Керексизов менен Вашингтондун Даллас аэропортунда кездешип калдым. Ала-Тоого жол тартып турган экен. Таанышып-сурашкан соң, узун жолду кыскартмакка аксакалдан Американын кайсы жерлерин кыдырганын сурадым. Ташкул аксакал кепти АКШда эмгектенип жүргөн кыргыздардан баштады.
Ташкул Керексизов: АКШда жашаган балдардын айтымында, 20 миңден ашык кыргыз бар экен. Баары эле Кыргызстанга барышпайт. Аларда тойлорду, Нооруз майрамын жана башка ырым-салттарды өткөрчү жайлары жок экен.
Ушу АКШдагы балдардын тыңдары мени чакырышты. Алар менен кеңешип, эки жерди көрдүм. 1) Вашингтондун чет жагындагы Манассисти (Manassas). Илгери америкалыктар Түштүк-Түндүк болуп согушканда эң негизги салгылашуу ушу Манассисте өткөн экен. 2) Сиэтлден бир аз арыраактагы Манасташ (Manastash) деген жеринде болдум. Сонун тоо экен. Тоонун үстүндө Кыргызстандагыдай эле ырымдап таш үйүлүп турат. Түп жактагыдай. Манасташ деген көл да бар экен. Ушу тоодо бүт Американы камсыз кылгандай алча өстүрүшөт экен. Кийим чыгарган "Manastash" деген ишкана бар экен.
“Азаттык”: Ташкул агай айтып жаткан Сиэтл округу - АКШнын түндүк-батышында жайгашкан. Вашингтон штатына кирет. Ал эми Манасташ тоосу дегени Манасташ Ридж (Manastash Ridge) тоо кыркасы. Бул тоонун эң бийик чокусу да Манасташ деп аталат. Анын бийиктиги 1931 метр.
Ташкул Керексизов: Илгери бизде дипломат болуп иштеген дос-тааныштарым менен да жолуктум. Алар жер алыш үчүн кандай документтер керек, кандай мыйзамдар бар экенин изилдеп, мага жиберишет.
Мен бул жакка дүйнөдө жок театр курам... Америка - чоң өлкө. Бүт дүйнөдөгү мыктылар келет. Бул жакка (Манасташка) жөн эле элди тарта албайсың. Мен, буюрса, тартам! Эмне үчүн дегенде мен курган театрда ролдун жарымын адамдар, жарымын жаныбарлар аткарат. Ал жаныбарлардын ичинен жалгыз эле кыргызга эмес, адамзатка миңдеген жылдар дос болгон жылкы, тагыраак айтканда жаш кунандар роль аткарат. Бул жакта бир кичинекей кулун 300 доллар турат.
Советтер Союзу маалында “Мосфильм”, Голливудга чейин жеткен кыргыз каскадерлору болгон. Азыр деле кыйындары бар. Жылкыны биздин балдар 1-2 жылда сонун кылып дрессировка этип үйрөтүп коёт. Анан бай өлкөлөрдөн аларды көргөнү келишет. Ат, тайган, бүркүт, куш жана башка жаныбарларды спектаклдерде роль аткарганга колдонсо болот. Буюрса, ойлор ушундай.
“Азаттык”: Театр үчүн айбанаттарды сатып аласыз дейли. Театрда ойночу актерлер Кыргызстандан келишеби?
Ташкул Керексизов: (Театрда) мындай кесип болбойт. Мен өзүм үйрөтөм. Бул адамзаттын театры болот. Спектаклди көрсөткөндө алдыңкы технология колдонулат. Мисалы, “Жамгыр төктү, эч басылбай...” деп кыргыз бала ырдап жатса, сахнада кадимкидей чагылган чартылдап, жаан жаайт. Асманды, ааламды көргөзсөк, жылдыздардын арасынан адам учуп келип, сценага түшөт. Бул дүйнөдө жок нерсе. Буюрса, биз дүйнөнү таң калтырабыз. Биздин жаштар ушундай таланттуу. Атайчы... Караколдон... Эч жардамы жок Европаны дүңгүрөттү. Каныбекчи? Атасы жок, апасы эч жардам бере албайт. Кий менен шарды уруп жүрүп, дүйнөнүн чемпиону болду. Буюрса ушул жаштарды көтөргөнү жатабыз.
“Азаттык”: Ташкул аксакалдын дагы бир аруу тилеги: Тоң районундагы “Аалам Ордо” комплексинде жаштардан программисттерди даярдоочу окуу борборун ачуу экен.
Ташкул Керексизов: Америкада Силикон өрөөнү деп жатпайбы? Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги “Аалам Ордону” Орто Азиянын Силикон өрөөнүндөй кылам. Программисттердин борбору болот. Ага кыргыздын 15-20 жаш курактагы таланттуу жаштарын чогултам. Жайында келип, үч ай эс алышат, программалоону үйрөнүшөт. Келген окумуштуулар болобу, бизнесмендер болобу - баары ошо жерде жатат, балык уулайт, тоого чыгат, лыжа тебет, бешбармак жейт. Бир ай эс алып, бекер жашайт. Балдарга билим берет.
"Американын Манасташ тоосундагы театр же кыргыз айыл жана бул жердеги америкалык кыргыздардын балдары кыргыз тилин үйрөнчү жайкы лагерь 3-4 жылда иштейт", деп сөзүн улантты Ташкул агай.
Ташкул Керексизов: Бул үч-төрт жыл ичинде боло турган иш. Ысык-Көлдө да, АКШда да. Америкадагы долбоор чоң каражатты талап кылат. А мен театрды шаардын ичине салбайм да. Вашингтон, Чикаго, Нью-Йоркто жер кымбат. Бияктын мыйзамы боюнча, максатыңа жараша жерди бекер, арзаныраак берген штаттар бар.
Театр салам десем, Манасташта жер сатып албайм. Бирок театр курууга чоң каражат керек. Мен бул каражатты оңой эле табам. Эгер жерди алсам, Америкадагы балдардын кээ бирлери жардам берет. АКШда жардам берчү бейөкмөт уюмдар да бар. Анан бул жакта төрөлгөн кыргыз балдар кыргызча билбейт экен. Ата-энелеринде "балдарыбыз кыргызча үйрөнсө" деген максаттары бар экен. Эки жарым айга созулган жайкы каникул маалында биздин ошол айылга келишсе, биз аларга кыргыз тилин үйрөтөбүз. Тамагын ичет, боз үйдө жашайт. Бул да Америкада акча да. Ошон үчүн театрды, айылды курууга көмөктөшкөн балдарга өзүнчө жооп беребиз.
Быйыл Чыңгыз абабыздын 90 жылдыгы (Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси 2018-жылы белгиленген-ред.) да. Мен мына азыр айтып коёюн: Чыңгыз абанын 70 жылдыгын жеке өзүм Парижде өткөрүп бергенмин. 75 жылдыгын Чолпон-Атада “Рух Ордодо” өткөргөнбүз. 80 жылдыгына эки куту чакыруу даярдап, “Аалам Ордодо” өткөрөлү деп жатканыбызда абабыз күтүүсүздөн кайтып кетти. Бул жакта курулчу театрды, айылды Чыңгыз Айтматовдун атына коёлу деп биринчи сөздү чыгардым биякта. Буюрса, Чыңгыз Айтматов атындагы айыл же театр болот. Кайсы бири экенине токтоло элекпиз.
“Азаттык”: Рахмат маегиңизге! Аcыл максатыңыздын аткарылышына тилектешпиз!
Ташкул Керексизов Чолпон-Атадагы "Рух-Ордо" комплексинин негиздөөчүсү. 1948-жылы Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында туулган.
1972-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин "Товар изилдөө" адистиги менен аяктаган. 1996-жылы Кыргызстан Кооперативдер бирлигин жетектеген. 1996-1997-жылдары Талас облусун башкарган. Анан кийинки жылдарда Салык кызматынын директору болгон.
1999-2000-жылдары Мамлекеттик мүлк фондун жетектеген, 2005-жылы үчүнчү чакырылыштагы парламентке депутат болуп шайланган.
Ал Эл аралык көркөм академиясынын академиги, III даражадагы "Манас" орденинин ээси. Ысык-Көлдүн жээгинде "Рух Ордо" комплексинен тышкары "Аалам Ордо" маданий борборун негиздеп, ал долбоор аягына чыга элек болчу.
"Азаттыктын" жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат, аза-кайгысын тең бөлүшөт.