Кыргызстанда алгачкы киномюзикл тартылды. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бүгүн кабарлагандай, “Дарак ыры” тасмасын Кыргызстандын “Централ Азия Фильм” жана Орусиянын “Синетрейн” компаниялары чогуу тартышты. Сценарийдин автору жана режиссеру - Айбек Дайырбеков.
Кинодастандын саундтрегин Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, учурда Москвада жашап жаткан ырчы Жылдыз Осмоналиева жана бишкектик аткаруучу, учурда Орусиядагы «Город 312» тобунун солисти Светлана Назаренко аткарышты.
Ырды жаздыруу жана клипти тартуу иштери орусиялык продюсер Игорь Матвиенконун Москвадагы студиясында жүргүзүлдү.
“Дарак ыры” тасмасынын бет ачары 28-февралда “Манас” кинотеатрында өтөт. Ага катышуу үчүн Светлана Назаренко жана Жылдыз Осмоналиева Москвадан учуп келишет.
Ал эми мюзикл өзү 1-марттан тарта бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт. (RK)