Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Кара-Сууда тамакка ууланган наристе чарчап калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Суу районунда тамакка ууланып, ооруканага түшкөн 2,5 жаштагы наристе чарчап калды. Бул тууралуу Кара-Суу аймактык ооруканасынын директору Гүлкайыр Муратова “Азаттыкка” кабарлады.

Анын айтымында, учурда Кара-Суу райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө беш киши, реанимацияда үч киши дарыланып жатат. Алардын абалы жакшы. Ал эми беш бала Ош облустук жана шаардык ооруканаларга которулган.

Алардын ичинен облустук балдар ооруканасында дарыланып жаткан эки жарым жаштагы наристе 17-февралда чарчап калды.

Кара-Суу районунда уулануунун белгилери менен он эки адам 13-февралда ооруканага түшкөн. Алардын ичинен бешөө балдар. Уулангандар бешик тойдо шире ичип, манты жегенин жакындары билдиришкен.

Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин ооруканада жаткандарга "тамак-аштан ууланган" деген диагноз коюлганын кабарлаган.

Дарыгерлер үй шартында жашылча-жемиштерди консервалоо кооптуу экенин, талапка ылайык жабылбаган идиштерде ботулизм микробу бат көбөйүп кетерин эскертишүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG