Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

АКШ Орусияны киберчабуул үчүн айыптады


Ак үйдүн жума күнү тараткан маалыматы боюнча, 2017-жылы июнда орусиялык аскерлер киберчабуул жасаганы аныкталды.

Анда айтылгандай, "NotPetya" деп аталган киберчабуул дүйнө жүзүнө тездик менен тарап, Европа, Азия жана Америка өлкөлөрүнө миллиарддаган долларлык чыгымдарды алып келген.

Бул киберчабуул "Кремлдин Украинадагы кырдаалды туруксуздаштыруу аракетинин бир бөлүгү" деп айтылат маалыматта.

ЦРУнун жашыруун баяндамасында Petya.A деп аталган вирустун чабуулу тууралуу маалыматтар бар экени өткөн айда айтылган.

Washington Post гезити ЦРУдагы булагына таянып, Украинага жасалган чабуулдун артында Орусиянын Коргоо министрлигинин хакерлери турганын жазды.

Борбордук чалгын кызматы бул маалыматка комментарий берүүдөн баш тартты. Башында Petya.A деп аталган вирус 27-июнда тараган. Вирус компаниялардын компьютердик системаларын блоктоп, аны чечүү үчүн 300 долларды биткоин түрүндө талап кылган. Кийинчерээк хакерлер болгону төрт биткоин алышканы белгилүү болгон.

Petya.A вирусунан украин өкмөтүнүн компьютердик системасы, "Борисполь" аэропорту, "Укрпочта", "Укртелеком" ишканалары жана бир катар банктар жабыркаган. Мындан тышкары хакерлер Орусияда "Роснефть", "Башнефть" ишканаларына жана "Хоум Кредит" банкына чабуул жасашкан.

XS
SM
MD
LG