Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:16

Сот Жакупованын үйүн сатыкка чыгаруу боюнча чечим чыгарды


Чолпон Жакупова, Дина Маслова жана Нарын Айып.
Чолпон Жакупова, Дина Маслова жана Нарын Айып.

Мындай чечимди Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова 14-февралда кабыл алды. Укук коргоочу Чолпон Жакупова“Азаттыкка” билдиргендей, соттун чечими менен анын Ысык-Көлдөгү 60 чарчы метрлик коттежи Алмазбек Атамбаевдин доо арызын төлөш үчүн сатыкка коюлмакчы:

- Соттун чечими боюнча менин Ысык-Көлдөгү үйүм сатыкка коюлмай болду. Эми ага сатып алуучу издеп жатышат. Сыягы Алмазбек Атамбаев Арашандагы үч кабат үйүнө батпайт жатат окшойт.

Сот учурда журналист Нарын Айып жашаган үйдүн да үчтөн бир бөлүгүн сатуу боюнча маселени карап жатат.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков Чолпон Жакуповага таандык Ысык-Көлдөгү коттежди жана Нарын Айыптын учурда жашап жаткан батирин сатыкка чыгарып, анын эсебинен айыппул өндүрүүнү соттон өтүнгөн. Анын алдында соттун чечими менен сөз болуп жаткан имараттар камакка алынган. Жакупова менен Нарын Айып Октябрь райондук сотунун чечимдерине макул болбой, шаардык сотко даттанышкан. Айыпталуучулар апелляциялык арыз каралган учурда камакка алынган мүлктү сатыкка коюу тууралуу жараянды токтото турууну өтүнүп, сот аны канааттандырган.

Башкы прокурордун экс-президент Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Мунун ичинен басылма 15 миллион сом, Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттүү болгон. Ушундай эле өңүттөгү кине менен “Адилет” укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.

Өлкөдөгү жана эл аралык бир катар уюмдар бул сот чечимине байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, аны сөз эркиндигине басым катары баалашкан.

Кыргызстан журналисттеринин эркин биримдиги, 17 медиа жана эл аралык уюм да доого жыгылган журналисттерге каражат топтой баштаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG