Китепте автордун Алыкул Осмонов жөнүндөгү белгилүү чыгармалары, аңгемелери, макалалары, мурда жарыяланбаган кол жазмалары чогултулган.
Жыйынга келген расмий өкүлдөр, парламент депутаттары бүгүнкү күндө кыргыз саясатына Дооронбек Садырбаев жетишпей турганын айтып, анын эмгекчилдигин сөз кылышты. Маркум 13-февралда 79 жашка чыкмак.
Дооронбек Садырбаев эмгек жолунда сексенге жакын хроникалык-даректүү фильмдерди, 16 көркөм тасма тарткан. Мындан сырткары кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн жыйырмадан ашык китептин жана миңге чукул публицистикалык макалалардын автору.
Парламент депутаты Каныбек Иманалиев Дооронбек Садырбаевдин көп кырдуу талантына токтолду:
- Дооронбек аке кеткенден бери Жогорку Кеңеш үч жолу жаңырды. Бирок жаңы Дооронбек аке келген жок. Жаш депутаттар келди. Көбөйдүк, бирок жаңы Дооронбек Садырбаев келген жок. Анын адабияттагы, кинодогу, саясаттагы ордун айттыңар. Докебиздин байкалбай жүргөн дагы бир жагы бар эле. Фёдор Достоевский "мен орус адабиятына канчалык из калтырганымды кийинки доор айтаар. Бирок мен орус тилине беш сөз киргизгеним үчүн орус элинин жүрөгүндө калдым" деп айтса керек эле. Мен билгенден Докебиз кыргыз лексиконуна төрт сөз киргизди. Биринчиси - "бүкүр демократия", экинчиси - "дүжүр чалдар", үчүнчүсү - "ОБОН", төртүнчүсү - "гуманоид". Анан акыркы отуз жыл аралыгында миңдеген депутаттар, жүздөгөн министрлер болду. Бирок мен элдин жүрөгүндө калган, парламентаризмдин символу болгон эки-үч эле кишини билем. Алар - Медеткан Шеримкулов, Дооронбек Садырбаев, Өмүрбек Текебаев…
Садырбаев режиссердук жана кино өнөрү менен студент кезинен тартып эле алектене баштаган. 4-курстан мединституттагы окуусун таштап, жаңы ачылган Кыргыз телевидениесине режиссердук ишке орношкон. Муратбек Рыскулов, Жамал Сейдакматова, Бакен Кыдыкеева сыяктуу устаттар менен чогуу көптөгөн көркөм тасмаларды кыргыз тилине которууга катышкан, диктор катары тексттерди окуган.
Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков замандашынын чыгармачылыгына токтолуп жатып, анын кинорежиссер катары дайыма изденип, жаңылыктарга умтулуп келгенин белгиледи:
- Доке көп багытта биринчи болуп иштеген. Мисалы, биринчи фильм-концертти Доке тартты. Ал кыргыз эстрадасы тууралуу тартылып, алып баруучу Асанкул Шаршенов болгон. Концерттин сюжетин өтө жакшы ойлоп тапкан. Экинчиден, кыргыз кинематографиясынын тарыхында кино комедияны Доке тартты. Ал 1979-жылы тартылган "Түркүн тагдырлар" деген тасма. Кезинде ушуну комедия эмес деп да чыгышты. Күлкүсү келип турса да күлбөгөн кишилер болот экен да. Андан кийин кыргыз кинематографиясынын тарыхында "Махабат дастаны" деген музыкалуу тасманы да Доке биринчи жолу тартты. Садырбаев ушул сыяктуу көп иштерде биринчи болду. Анын баарын тактап, иликтеп чыгарса жакшы болмок.
Садырбаевдин бир нече телефильмдери эл аралык жана Бүткүл союздук фестивалдарда жеңишке жетишкен. Ал эми 1916-жылдагы Улуттук боштондук кыймылы тууралуу тарткан "Кайран эл" аттуу алты сериялуу тасмасы бийлик цензурасына туш болуп, кино жүгүртүүгө чыкпай калган.
Анткен менен Дооронбек Садырбаев өз өмүрүнүн гүлдөп турган учурун коомдук-саясий иштерге арнады. Ал үч жолу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Саясатчы катары көптөгөн шакирттерди тарбиялаган. Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров бүгүнкү күндө Садырбаевдин эң жакын санаалаштары кыргыз саясатынан четтетилгенин айтты:
- Доке, Доке дейбиз, бирок Докедей болуш кыйын. Докенин шакирттери бүгүн саясатта бар, бирок түрмөдө жатат. Мына, эң жакын көрүп, он жыл бою президент кылам деп даярдап келген Өмүрбек Текебаев бүгүн түрмөдө. Дүйшөн Чотонов жанындай көргөн баласы эле. Ал да бүгүн түрмөдө. Бектур Асанов түрмөдө. Баяман Эркинбаев өтүп кетти. Адахан жүрөт. Исаков, мен, Бөдөш Мамырова жүрөбүз. Бирок биз бүгүн Докеге окшоп эле саясатта эмеспиз. Кезинде аны укпагандай эле азыр да бизди эч ким укпайт.
Замандаштары жана жакындары көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жалган айткан адамдарды жек көргөн, адилеттикти аздектеген, карапайымдыкты баалаган ак жаркын адам болгонун белгилешет. Садырбаев менен кырк жылдан ашуун өмүр сүргөн Сонунбүбү Көлбаева күйөөсүнүн жаш чагын, эмгекчилдигин мындайча эскерип турду:
- Ал эч качан жумушунан кечиккен эмес. Барбай койгон учуру да болгон эмес. Күнү-түнү эле күжүлдөп иштей берчү. Жаңы үйлөнгөндө акча табыш үчүн ар кайсы иштерди жасап жүрдү. Өзү жетим бала эле. Экөөбүз эрте үйлөнүп алганбыз. Теледе, кечинде театрга иштеп тыйын тапчу. Таң атканча кино котормодо иштейт. Бош боло калса аңгемелерди, ырларды, сценарийлерди жазчу.
Садырбаевдин "Даанышман" китебине Алыкул Осмонов тууралуу романы, эки томдугуна парламенттик ишмердиги, сүйлөгөн сөздөрү кирген. Калган томдоруна мурда чыга элек кол жазма бойдон калган аңгемелери, ырлары топтолгон.
Кыргыз Эл Баатыры Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 28-майда 69 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган.
Сүрөт баян: Кайран Доке, кайран талант!