Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:03

Караколдо эки жашар наристенин өлүмү иликтенип жатат


9-февраль күнү Каракол шаарындагы №14 “Сейтек” аттуу бала бакчада тарбияланып жаткан эки жаштагы Арслан Айтбосунов ооруканага жеткирилип, ошол жерден чарчап калган. Бул тууралуу баланын апасы Наргиза Абдыкадырова “Азаттык” радиосуна айтты:

- Балам эртең менен саат 8.45те үйдөн атасы менен чыгып кеткен. Эч кандай оорубай эле ойноп, сүйлөп турган. Буга чейин эч кандай оорусу жок болчу. Бала бакчадан бизге "бала ооруп атат" деп саат 11.06да чалды. Барсак, ооруканада кыйналып жатыптыр.

Абдыкадырова баласы бакчадан каралбай калган, бирөөдөн катуу сокку жеп же катуу жыгылышы да мүмкүн деп шектенүүдө.

Учурда баланын сөөгү экспертизага берилген. Бул иш боюнча анын ата-энеси Каракол шаардык милициясына арыз жазган, азырынча кылмыш иши козголо элек.

Ал эми бала бакчанын директору Аида Аракеева бала кадимкидей эле кароодо болгонун белгилеп, уруп-согууга кабылган эмес деп билдирди. Экспертизанын жыйынтыгын күтөрүн айтты.

Каза болгон Арслан Айтбосунов 23-февралда эки жашка толмок. Үй-бүлөдө жалгыз уул болгон. Аталган бала бакчага сентябрь айынан баштап, бара баштаган.(AsM)

XS
SM
MD
LG