Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:05

Михаил Саакашвили Украинадан депортацияланды


Михаил Саакашвили. Киев, 9-февраль, 2018-жыл.
Михаил Саакашвили. Киев, 9-февраль, 2018-жыл.

Грузиянын мурдагы президенти, Украинада “Жаңы күчтөрдүн кыймылы” деген оппозициячыл бирикмеге лидерлик кылган Михаил Саакашвили “ал өзү келген өлкөгө депортацияланганын" бир аз мурда Украинанын Чек ара кызматы жарыялады.

Чек ара кызматынын расмий өкүлү Олег Слободиан Грузиянын мурдагы президенти кайсы өлкөгө депортацияланганын так айткан жок. Бирок Саакашвили акыркы ирет Украинага Польшадан келген. Мунун алдында бүгүн Саакашвили Киевде аны “уурдагандар” тарабынан кармалып, аэропортко алынып кеткени тууралуу кабарлар түшкөн. Саакашвилинин тарапкерлеринин бири Дэвид Сакварелидзе саясатчыны ресторандан беткапчан адамдар кармап, автобус менен белгисиз тарапка алып кетишкенин маалымдаган.

Соңку окуя украин соту Грузиянын мурдагы президентинин ыктымал экстрадициядан коргонуу боюнча апелляциялык арызын четке каккандан бир жумадан кийин болду. Буга чейин Михаил Саакашвили Киевде 8-декабрдын кечинде кармалып, Коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бирок сот 11-декабрда аны бошотуп, прокуратуранын өтүнүчүн колдогон эмес.

Украин бийлиги Саакашвилини "мурдагы президент, Орусияга качып кеткен Виктор Янукович башында турган кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө көмөк көрсөтүп, алардын былыктарын жашырган" деп айыптаган.

Украин бийликтери койгон айыптарды "абсурд" деп атаган Михаил Саакашвили "Жаңы күчтөр кыймылы" менен былтыр октябрь айынан бери Киевде нааразылык чараларын байма-бай уюштуруп, чатырларды тигип, президенттин кызматтан кетишин талап кылып келаткан.

Украин президенти Петро Порошенко Саакашвилиге 2015-жылдын 30-майында украин жарандыгын берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. Бирок 2016-жылдын ноябрында Саакашвили кызматтан кетип, президенттин саясатына каршы чыккандан кийин Порошенко былтыр июлда аны жарандыктан ажыраткан.

Чек арада жасалган тоскоолдуктарга карабай Саакашвили Украина аймагына былтыр сентябрда Польша аркылуу өтүп келген.(UE)

XS
SM
MD
LG