Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:39

Түркмөнстанда азык-түлүк кымбаттады


Ашхабаддагы азык-түлүк дүкөнү, январь, 2018-жыл.
Ашхабаддагы азык-түлүк дүкөнү, январь, 2018-жыл.

10-февралдан бери Түркмөнстанда доллардын баасы 14-15 манатка чейин көтөрүлдү. Анын натыйжасында азык-түлүк да кымбаттады. Айрыкча импорттук товарлардын наркы жогорулады.

“Түркмөнстан хроникасы” билдиргендей, 5 литр күнкарама майынын баасы 46дан 58 манатка, бир килограмм шекердики 5тен 7 манатка чейин чыкты.

Казакстандын уну эки эсе кымбаттады.

6 килограммдык "Persil" кир жуучу айнанын баасы 65 манаттан 96 манатка чейин көтөрүлдү.

Жергиликтүү товарлардын баасы да кымбаттап жатат.

XS
SM
MD
LG