Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өкмөт башчы Сагинтаевди "өзүңөрдүн ишиңерди сындабайсыңар" деп зекиди.
Бүгүн Казакстандын баш калаасы Астанада өкмөттүн кеңейтилген жыйыны өтүп, анда премьер-министр Бакытжан Сагинтаев сөз сүйлөп, өкмөттүн жетишкендиктери, экономикалык жана социалдык өсүштөрү тууралуу айтты.
Сагинтаевдин сөзүнөн кийин президент: “Жакшы, жакшы сүйлөдүң, бирок өз ишиңерди сындабай жатасыңар” деди. Жыйында башка министрлер да президенттин каарына калышты. Банк тармагындагы кырдаал иш-чаранын негизги темасы болду.
Казакстан өкмөтүнүн кеңейтилген жыйыны жыл сайын февраль айында өтөт. Былтыр президент жергиликтүү ишкерлерге жолтоо болуп жаткандарды өкмөт ичинде издеш керек экенин айткан.