Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:00

Өкмөт “жол мафиясы” менен күрөштү күчөтөт


Торугарт жолунда тизилген автоунаалардын кезеги.
Торугарт жолунда тизилген автоунаалардын кезеги.

Өкмөт жолдо оор автоунаалардын жүрүшүнө себепчи болгон “жол мафиясы” менен күрөштү күчөтөт. Бул тууралуу вице-премьер Дайыр Кенекеев бүгүн Транспорт жана жолдор министрлигинин коллегиялык жыйынында билдирди.

- “Жол мафиясы” деген термин бар экен, ошол мафиянын өкүлдөрүнө менден салам айтып койгула. Биз ал мафияны тез эле таап, жазасын беребиз. Акыркы эле бир фактыны айтайын. Салмак габариттик көзөмөл пунктундагы кызматкерлер ашыкча салмак менен жолдо жүрүүгө уруксат берген. Алар биринчи пункттан өткөрүп, кийинки пункттагыларга телефон чалып, “автоунаа ээсинен биз акча алганбыз, өткөрүп койгула” деп суранышкан. Соңунда салмак габариттик көзөмөл пунктундагы бул фактыга тиешеси барлардын баары кармалды. Алардын арасында депутаттардын тааныштары да бар экени аныкталды, - деди Кенекеев.

Буга Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов да кошулуп, министрликтин бетине көө сүйкөгөн мындай кызматкерлер иштен алынарын билдирди.

Былтыр Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Салмак габариттик көзөмөл департаментинин салмак габариттик пунктунун 260 кызматкери мыйзамсыз жыйымдар жана жемкорлук үчүн айыпталып, жумуштан алынган. (ErN)

XS
SM
MD
LG