Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:01

Жээнбеков: Коррупция менен күрөшчүлөр өздөрү ага малынып турат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

“Коррупция менен күрөшүүгө саясий эрким жетет” деп билдирди бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Кеңештин бүгүнкү жыйынында сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралып жатат.

Мамлекет башчы өз сөзүндө: “Тилекке каршы, коррупция менен күрөшө турган мамлекеттик түзүмдөр өздөрү ага малынып, өз милдеттерин толук аткара албай жатат” деди.

Президент анын дарегине “чоң кылмыштар ачылбай, майда кылмыштарга гана көңүл бурулуп, бийликтин жогорку эшелондорунда тургандар кол тийбес болуп калды” деген кайрылуулар келип жатканын кошумчалады.

Жээнбеков ички иштер органдары тарабынан өткөн эки жылда 65 миң кылмыш иши козголгонун, анын 30% гана сотко өткөнүн, ал эми сотко жиберилген иштердин 44% боюнча айыпталуучулар кылмыш жообунан бошотулганын айтты.

Ал экономикалык жана коррупциялык кылмыштарды иликтей турган Каржы полициясы 2016-2017-жылдары 3807 кылмыш ишин козгогонун, бирок алардын 23% гана сотко өткөнүн белгиледи. (EBM)

XS
SM
MD
LG