Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:54

Назарбаевге Коопсуздук кеңешин өмүр бою башкаруу сунушталууда


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.

Казак парламентине президент Нурсултан Назарбаевге Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектөө укугун берген мыйзам долбоору келип түштү. Долбоорго ылайык, Коопсуздук кеңешин азыркыдай кеңеш берүүчү эмес, конституциялык орган кылып өзгөртүү сунушталууда.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, Коопсуздук кеңеши өлкөнү башкарууда негизги борбор болуп, анын жана башчысынын чечимдери бардык бийлик органдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылышы керек.

1991-жылы президент Назарбаевдин жарлыгы менен түзүлгөн Коопсуздук кеңешинде өлкөнүн маанилүү маселелери боюнча чечимдер кабыл алынат. Президент төрагалык кылган бул кеңештин 12 мүчөсүнүн арасында премьер-министр, Коопсуздук кызматынын жетекчиси сыяктуу жогорку расмий өкүлдөр бар.

2017-жылы Казакстанда парламент менен өкмөттүн ролун бекемдөө боюнча Конституцияга өзгөртүү киризилген. Эл аралык "Freedom House" уюму конституциялык реформаны “эски фасадга жаңы өң берүү” деп баалаган.

XS
SM
MD
LG