Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:07

Өмүрбек Текебаев камерасын “Дом-2” шоусу менен салыштырды


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев өзү кармалып турган камерага видеокамера коюлушун Орусиялык “Дом-2” реалити шоусу менен салыштырды. Бул тууралуу Текебаевдин кызы Айданек Текебаева “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

"Бүгүн апам, иним жана сиңдим менен чогуу атам менен жолугуп келдик. Ал жаткан камерада чындап видеокамера илинип турат. “Биз чыгып кеткиче аны жаап турса болобу?” деп сурасам, атам "жаппа" деп аны эскертишкенин айтты. Ушундай учурда да атам тамашакөйлүгүн жоготпоптур. Атам камераны көрсөтүп, “бизде шарт ушундай, “Дом 2” шоусуна окшош. Тамак жеп жатканыбызды, уктап жатканыбызды, кыскасы бардык жашообузду байкоочулар көрүп турушат” деп азилдешти", деп жазды Текебаева.

Оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаев камалган абакка жана ал отурган камерага видеобайкоо орнотулганы 29-январда маалым болгон. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы саясатчынын камерасына видеокөзөмөл коопсуздук маселесинен улам коюлганын айтса, укук коргоочулар бул көрүнүштү айыптап чыккан. Кыргызстандагы Кыйноонун алдын алуу борборунун жетекчиси Нурдин Сулайманов саясатчы отурган камерага видеокөзөмөл Текебаевдин уруксаты жок коюлганын билдирген.

“Ата Мекен” партиясынын лидери, экс-депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен былтыр февраль айында камакка алынган. 2017-жылдын ноябрь айында Жогорку сот эки саясатчыны сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Соттолгондор муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап жүрүшөт.

Былтыр октябрда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Дүйшөнкул Чотонов Чүйдөгү Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган.

Орусиянын ТНТ телеканалынын “Дом-2” реалити шоусу 2004-жылдан бери чыгат. Анын катышуучуларынын жашоосу баштан-аяк телеканалдан берилип турат. Программа Орусияда жана КМШ мамлекеттеринде жаштар арасында белгилүү шоу болуп саналат. (ErN)

XS
SM
MD
LG