Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:02

“Дөө Чыңгыздын” оң колу атыккан Жолдошев кайра камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Сот кримчөйрөнүн мүчөсү деп айтылып жүргөн Самарбек Жолдошевди жатак абакка чыгаруу боюнча Ысык-Ата райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, аны кайра абакта калтырды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, Жолдошев №3 түрмөдөн жатак абакка которула элек болгон. Соттун чечими менен ал ошол жерде жазасын улантып өтөй турган болду.

19-январда Ысык-Ата райондук соту Самарбек Жолдошевди жатак абакка которуу тууралуу чечим кабыл алган. Мындай сунушту сотко №3 түрмөнүн башчысы бергени айтылган.

Самарбек Жолдошев 2016-жылы Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал "адам уурдоо", "уурулук", "опузалап акча талап кылуу" жана "автоунааларга мыйзамсыз ээлик кылуу" сыяктуу төрт оор берене боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен белгилүү, уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү болуп саналган Чыңгыз Жумагуловдун "оң колу" катары айтылып жүргөн.

Чыңгыз Жумагулов да эки апта мурун соттун чечими менен мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгып, 31-январда Жогорку Соттун чечими менен кайра камакка алынган. Жумагуловго башында "киши өлтүрүүгө катышкан", "бийлик өкүлүнө күч колдонгон", "ээнбаштык кылган" жана "кылмыш тобун түзгөн" деген айыптар тагылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG