Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:33

Өзбек бизнесмени Гафур Рахимов AIBA президентинин милдетин аткарат


Гафур Рахимов.
Гафур Рахимов.

Өзбекстанда криминалдык төбөлдөрдүн бири катары аталып жүргөн ишкер Гафур Рахимов Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) президентинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Мындай чечим ишембиде Франко Фальчинелли бул кызматтан кетерин жарыялагандан кийин кабыл алынды. AIBAнын президенти ноябрда Москвада уюмдун кезектеги жыйынында шайланат.

Гафур Рахимов - белгилүү өзбек ишкери жана Азия бокс федерациясынын вице-президенти. AIBAнын сайтында Рахимовдун талапкерлиги Орусиянын Бокс федерациясы тарабынан көрсөтүлгөнү жазылган. Өзбекстандын Бокс федерациясы да аны колдогон.

67 жаштагы Гафур Рахимов - 1998-жылдан бери AIBA уюмунун аткаруучу комитетинин мүчөсү. 2002-2012-жылдары уюмдун вице-президенти болгон.

2012-жылы АКШ “Рахимов - өзбек уюшкан кылмыш топторунун лидерлеринин бири, Борбор Азияда маңзат соодасы менен шугулданат” деп, ага каржылык санкция салган. Ал Өзбекстандан 2010-жылы чыгып кеткен жана ошондон бери Дубайда жашайт.

XS
SM
MD
LG