Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:16

Бишкектеги ооруканалар жылыткычтарды пайдаланышы мүмкүн


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкек Жылуулук электр борборундагы өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу Бишкектеги ооруканалар, өзгөчө төрөт үйлөрү электр жылыткычтарын пайдаланууга өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова кабарлады.

- Биз төрөт үйлөрүндөгү абалдан да кабар алып, сурап жатабыз. Азырынча жылуу болуп жатканын айтышты. Каалганы бекем жаап, жылуулукту сактаганга аракет кылып жатабыз. Эгер ЖЭБ оңдолбой баратса жылыткычтарды пайдаланабыз.

Бүгүн эртең менен саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Улуттук госпиталдын абалы менен таанышты. Ал ар бир палатаны жылыткыч менен камсыз кылуу мүмкүн эместигин айтып, бейтаптарды жылуу кийинүүгө чакырып, аларга кошумча жууркан берүүнү тапшырды.

26-январда ЖЭБдин эски агрегаттарга суу бөлүүдө колдонулган айрым жабдуулары иштен чыкканына байланыштуу Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) электр кубаттуулугу 350 МВттан 154 МВтка чейин төмөндөгөн. Мындан улам үй жылыткан батареядагы суунун температурасы 84 градустан 62 градуска төмөндөгөн.

Шаардын жашоочулары ызгаарда үйү жылыбай жатканына арызданышууда.

"Кыргызгидрометтин" маалыматына караганда, Бишкекте 27-январда абанын температурасы түнкүсүн -22…-24, күндүз -16…-18 градус болуп жатат. (КЕ)

Ооруканада чыйрыккан наристелер
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

XS
SM
MD
LG