Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:01

Сузактын Орток айылында 255 киши жер көчкү тууралуу эскертүү алды


ӨКМ тараткан сүрөт.
ӨКМ тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 24-январда Орток айылынын Көл-Камыш аймагында көлөмү болжол менен 120000 метр куб болгон жер көчкү жыла баштаганы байкалды.

Натыйжада бул айылда жашаган 33 үй-бүлөгө эскертүү берилди. Орток айылы Сузак районунун Кара-Алма айыл аймагына карайт. Отуз үч үй-бүлөдө 255 киши жашайт.

Ал эми жер жылган аймакка өтө жакын жайгашкан үч үйдү көчкү басып калуу коркунучу бар. Алардын ээлери мамлекет тарабынан ссуда жана жер тилкелерин алышып, эки түтүн коопсуз жайга көчүп кеткени, бирок эски турак жайын бузбаганы аныкталды. Бир үй-бүлө ошол эле жерде жашап келгени белгилүү болуп, кечээ туугандарынын үйүнө убактылуу көчүп барды.

XS
SM
MD
LG