Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:53

"Bloomberg": Путиндин кызы ажырашты


«Путиндин кызы» деп айтылып жүргөн Катерина Тихонова жана Кирилл Шамалов.
«Путиндин кызы» деп айтылып жүргөн Катерина Тихонова жана Кирилл Шамалов.

Чет элдик медиада жана орусиялык интернет-басылмаларда, айрым гезиттерде «Путиндин кызы» деп айтылып жүргөн Катерина Тихонова миллиардер Кирилл Шамалов менен ажырашты. Бул тууралуу "Bloomberg" агенттиги окуядан кабары бар анонимдүү төрт маалымат булагына шилтеме кылып, 25-январда жазып чыкты.

Агенттик жыйнаган маалыматка караганда, жубайлардын ажырашуусуна Шамаловдун нефтехимиялык «Сибур» компаниясындагы үлүшүн сатышынын да байланышы бар.

"Bloomberg" агенттигине маалымат берген булактардын үчөө Шамалов акцияларды сатуудан эч киреше таппаганын, «Сибур» компаниясынын активи ага «Путиндин үй-бүлөсүнүн мүчөсүнө ишеним» катары гана берилгенин белгилеген. Бирок агенттиктин маектештеринин төртүнчүсү акциялардын сатылышы менен ажырашуунун ортосунда эч кандай байланыш жок экенин айткан.

Кирилл Шамалов - «Россия» банкына ээлик кылгандардын бири, президент Путиндин досу экени айтылып жүргөн Николай Шамаловдун уулу. Шамалов менен Тихонованын үйлөнгөнү же ажырашканы тууралуу буга чейин расмий айтылган эмес. Кремл президенттин үй-бүлөсү тууралуу маалыматтарды өтө жашыруун кармайт.

Путин өзү да Катерина Тихонова анын кызы экендиги тууралуу маалыматтарды ырастаган да, төгүндөгөн да эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG