Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:25

Кыргызстанда жол кырсыктары үчүн жаза күчөтүлдү


УКМКга таандык автоунаа катышкан кырсык. Бишкек, 16-ноябрь, 2017-жыл.
УКМКга таандык автоунаа катышкан кырсык. Бишкек, 16-ноябрь, 2017-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-январда “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Негизинен Кылмыш-жаза кодексинин 281( "Жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу"), 284 ("Мас абалындагы адамга же транспорт каражатын башкарууга укугу жок кишиге аны башкарууга жол берүү") жана 285 ("Транспорттун коопсуз ишин камсыз кылган эрежелерди бузуу") беренелерине өзгөртүү киргизилди.

Документке ылайык, жол эрежесин бузгандардын жазасы күчөтүлөт.
Маселен, айдоочу эреже бузуп, жабырлануучунун саламаттыгына анча оор эмес зыян келтирилсе, ал үч жылга чейинки мөөнөткө автоунаа башкаруу укугунан ажыратылат же үч эсе айыпка жыгылат, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат.

Ал эми жол кырсыгында киши өлсө же анын саламаттыгына оор зыян келтирилсе, айдоочу үч жылдык мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылып, беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө кесилет. Айдоочу кырсык болгон жерден кетип калып, анын натыйжасында жабырлануучунун саламаттыгына оор залал келтирилсе же каза тапса, ал үч жылдык мөөнөткө күбөлүктөн айрылып, жети жылга түрмөгө түшөт.

Ичкилик ичип алган, баңгизат колдонгон же мас кишиге, ошондой эле айдоочулук күбөлүгү жок адамга ал транспорт каражаты үчүн жооптуу адам машинесин башкартып коюп, анын айынан жабыркаган адам өлүп калса же ден соолугуна зыян келсе, ошондой эле бир нече киши курман болсо - үч жылга чейин белгилүү кызматты ээлөө же иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч эсе айып салуу, же болбосо белгилүү бир кызматты ээлөөгө же белгилүү бир ишти кылууга тыюу салуу менен беш жылга эркинен ажыратуу каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөн соң күчүнө кирет. Аны Жогорку Кеңеш былтыр 21-декабрда кабыл алган.

Кыргызстан жол кырсыктары көп болгон мамлекеттердин бири. Расмий маалыматка караганда, 2017-жылы өлкөдө 6 миң 346 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 478ге көп.

XS
SM
MD
LG