Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:29

Кыргыз делегациясы Давосто "Таза коомду" тааныштырууда


Дүйнөлүк экономикалык форум.
Дүйнөлүк экономикалык форум.

Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк экономикалык форумда премьер-министр Сапар Исаков баштаган Кыргызстандын делегациясы "Таза коом" долбоору менен тааныштырууда. Бул тууралуу өкмөт башчынын кеңешчиси Талант Султанов "Азаттык" радиосуна билдирди:

- "Таза коом" долбоору аларга кызык көрүнүп, кантип жардам беребиз деп, өздөрүнүн тажрыйбасын бөлүштү. Потенциалдуу инвесторлор Кыргызстанга келип иштегенге кызыкчылыгы бар экенин билдирүүдө. Форумдагы жолугушуулар жакында биринчи жемишин, натыйжасын берет деп ойлойбуз.

Давос курортунда дүйнөлүк экономикалык форум быйыл 48-ирет өткөрүлүп жатат. Сапар Исаков жетектеген расмий делегация ал жакка 22-январда барган, Кыргызстанга бүгүн кайтат.

Кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук долбоорун былтыр апрелде жарыялаган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган. (NT)

XS
SM
MD
LG