Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:30

Пенс Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимди "катастрофа" деп атады


Кошмо Штаттардын вице-президенти Майк Пенс Израил парламентинде сүйлөп жатат.
Кошмо Штаттардын вице-президенти Майк Пенс Израил парламентинде сүйлөп жатат.

Кошмо Штаттардын вице-президенти Майк Пенс 22-январда Израил парламентине кайрылуусунда Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимге түзөтүү киргизилбесе, Вашингтон андан чыгууга даяр экенин ишарат кылды.

Ушул эле күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Тегеранга каршы санкцияларды күчөтүү маселесин европалык өнөктөштөрү талкуулаганын жана айрым жетишкендиктер бар экенин айтты.

Ушул айдын башында АКШнын президенти Доналд Трамп европалык өнөктөштөрү жана Конгресс менен бирге тарыхый келишимдеги "олуттуу каталарды" өзгөрткүсү келерин билдирген.

Трамп эгер жакынкы айларда келишимге өзгөртүүлөр киргизилбесе, Вашингтон андан чыгарын эскерткен. Тегеран болсо документти өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн четке кагып келет.

Ал эми Британия, Франция, Германия, Кытай жана Орусия өзөктүк макулдашууну бузбай сактап калууга үндөп жатышат.

Тегеран менен дүйнөлүк алты держава – АКШ, Орусия, Кытай, Франция, Британия жана Германия - 2015-жылы кол койгон келишимде "Иран өзөктүк иш-аракеттерин чектейт, ал үчүн эл аралык санкциялардын айрымдары алынат" деп айтылган.

XS
SM
MD
LG