Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:44

Былтыр Бишкекте үч миңдей бак-дарак кыйылды


Бишкек. Токтоналиев көчөсүндөгү кыйылган бак.
Бишкек. Токтоналиев көчөсүндөгү кыйылган бак.

Былтыр Бишкек шаарында 3000ге жакын түп бак кыйылды. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна “Бишкекзеленхоз” ишканасынын башкы агроному Элнура Жолдошева билдирди.

Анын айтымында, азыр Бишкекте 23 000 түп бак-дарак бар.

- Буга чейин жылына 1000ге жетпеген бак кыйылып, ордуна жаңылары отургузулчу. Былтыр 2900 бак кыйылды. Мэрия берген план боюнча былтыр 10 000 көчөт отургузулду.

Адистердин айтымында, отургузулган көчөттүн баары эле тамыр жайып кетпейт.

Жолдошева белгилегендей, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун талабы боюнча 1 кишиге 30 чарчы метр жашыл аянт туура келиши керек болсо, Бишкекте бул көрсөткүч болгону 11 чарчы метрди түзүүдө.

Эколог адистер белгилегендей, Бишкекте абанын булганышы нормадан 2-3 эсе жогору. (UEz)

XS
SM
MD
LG