Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Кожомкул тууралуу тасманын сценарийине сынак жарыяланды


Бишкек. Кожомкулдун эстелиги.
Бишкек. Кожомкулдун эстелиги.

Кыргыздын даңазалуу балбаны Каба уулу Кожомкул тууралуу тасманын сценарийине жана режиссеруна сынак жарыяланды. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлагандай, толук метраждуу (100 мүнөткө чейин) көркөм тасма мамлекеттик буюртма боюнча тартылат.

Сынакка катышууну каалагандардан арыздар 1-мартка чейин кабыл алынат.

Ысымы уламышка айланган балбандын 2019-жылы белгилене турган 130 жылдык маарекесине карата «Каба уулу Кожомкул» көркөм тасмасын тартууга 25 млн. сом бөлүү тууралуу токтом Жогорку Кеңеште былтыр июнь айында кабыл алынган.

Каба уулу Кожомкул 1889-жылы Суусамыр аймагында туулуп, 1955-жылы каза болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG