RAEX эл аралык агенттигинин Германиянын Франкфурт шаарындагы кеңсеси кыргыз өкмөтүнүн кредиттик рейтинги менен Кыргызстандагы кредиттик климатты салыштырмалуу төмөн деп баалады. Агенттиктин 19-январда жарыяланган соңку баяндамасында Кыргызстандын кредиттик рейтинги “В” деңгээлинде (“салыштырмалуу төмөн”) деп белгиленген.
“Мамлекеттик карыздын салыштырмалуу жогорку деңгээлде кармалып турганынан, өлкөнүн экономикалык жана институционалдык өнүгүүсүнүн төмөн деңгээлде болгонунан улам кыргыз өкмөтүнүн рейтинги жана кредиттик климат чектелип калууда. Буга кошумча банк тармагы аярлуу бойдон кала берүүдө. Бирок кирешенин көбөйүшү жана жүрүп жаткан реформалар бул тармакка байкаларлык оң таасирин тийгизди”, - деп айтылат RAEX агенттиги тараткан маалыматта.
Агенттиктин баяндамасында КМШ өлкөлөрүндөгү ири соода өнөктөштөрдүн экономикасынын акырындап калыбына келиши акча которуулар менен тышкы сооданы көбөйткөнү, натыйжада бул жагдай өндүрүштүн көлөмүнүн көбөйүшүнө өбөлгө түзгөнү айтылган. Ошол эле учурда Кыргызстандын ички дүң продукциясы мурдагыдай эле ири алтын кендерине жана негизги инфраструктуралык долбоорлорго көз каранды экени белгиленген.
Өкмөттөрдүн кредит алып, аны төлөө мүмкүнчүлүгүн талдаган RAEX (Экперт РА) агенттиги Франкфурттан тышкары Москва, Екатеринбург, Минск, Алматы жана Гонконгдо иш алып барат.
2016-жылдын башында Кыргызстанга алгачкы кредиттик рейтинг ыйгарылган. Анда Мoody’s жана Standard & Poor’s эл аралык агенттиктери Кыргызстандын кредиттик рейтингин Орусияныкынан жогору деп баалашкан. Алардын маалыматында “Кыргызстандын экономикасы азырынча чабал болгону менен бюджет кирешеси бир нече булактан алынат жана мамлекеттик карызды тейлөө арзаныраак жол менен жүргүзүлөт” деп жазылган.