Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:35

Орусиядан уурдалган кымбат баалуу 45 машине Кыргызстандан табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандан табылган кымбат баалуу 45 автоунаа Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерден жоголгон.

Арасында Lexus, Toyota, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жол тандабастар, кроссоверлер, Toyota, Mercedes-Benz, Volkswagen үлгүсүндөгү седан кузову менен чыгарылган машинелер бар. Алардын 82 пайызынын VIN-коду өзгөртүлгөнү аныкталды.

ИИМ автоунаалар качан кармалганын тактаган жок. Машине уурдоо жана аларды Кыргызстанда легалдаштыруу боюнча бир нече кылмыш иштери иликтенип жатканын маалымдады.

Ошол эле кезде Орусияда автоунаа уурдоо менен алектенген кылмыш топтору бар экенин, алар Орусиянын жарандарынан жана ал жакта туруктуу жашаган кыргызстандыктардан турат деп кошумчалады.

Уурдалган автоунаалар Орусиядан Казакстанга, андан ары Кыргызстанга мыйзамсыз өткөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG