Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Түркиянын танктары Сириянын Африн шаарына кирип барууга даярданууда


Архив: Түркиянын танктары.
Архив: Түркиянын танктары.

Түркия Сириянын күрттөр көзөмөлдөгөн Африн жана Манбиж шаарларына аскерлерин киргизүүгө даярданууда. Анкара муну АКШ колдогон күрт кошуундары жараткан “коркунучка” жооп катары мүнөздөйт. 18-январда түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу "Орусия Африндеги операцияга каршы болбоого тийиш, Анкара ал жактагы аба рейддерин Москва жана Тегеран менен координациялап турат" деп билдирди.

Мурунку күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон түрк тышкы иштер мекемесинин жетекчиси менен жолугушууда Вашингтондун Сириядагы күрт согушкерлерине колдоосун түшүндүргөнүн айткан. Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" кабар агенттиги чек ара аймагындагы Хатай чөлкөмүнө танктар тартылып жатканын 18-январда маалымдады.

Президент Режеп Тайып Эрдоган 17-январдын кечинде өткөргөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Түркия Сириянын батышынан келип жаткан коркунучка каршы “чукул” жана “чечкиндүү” чара көрүшү керек экенин айтканы да кабарланды.

XS
SM
MD
LG